Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев депутат Калматовдун суроолоруна жооп бере албай калды

Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев парламенттин 16-апрелдеги жыйынында депутат Анарбек Калматовдун суроолоруна жооп бере албай калды. Депутат Калматов акыйкатчыны өзүнүн укуктарын билбегени үчүн айыптады. 

“Биздин кайрылууларга Башкы прокуратура чара көрбөй жатат” деп жатасыз. Өзүңүздүн укугуңузду билесизби? Эгер сунуштарыңарды кабыл албай жатса, мамлекет жетекчилерине кайрылышыңыз керек. Сот иштерине катыштырбай жатканын айттыңыз, канча жолу сотко катыштыңыз?”- деп сурады депутат.

Буга акыйкатчы жооп бере алган жок.

Андан кийин депутат Калматов: “Прокуратура кайрылууларыңызды аткарбай жатканы боюнча айттыңыз. Бул маселе боюнча президентке, өкмөт башчыга жана төрагага кайрылдыңызбы? Эч кимге кайрылбай туруп кантип адам укуктарын коргойсуз? Кайсы мамлекет жетекчисине кайрылып, сунушуңузду айттыңыз?”- деп сурады.

Бактыбек Аманбаев буга да жооп бере алган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан