19-апрелде кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Дилара Парпиева билдирди.
Анда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жана Тажикстандын күч түзүмдөрү боюнча вице-премьери Мурадали Алимордон чек ара маселелери боюнча жолугушат.
Маалым болгондой, Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык айланма жолу жана тажик тараптын Ворух анклавына айланма жол куруу боюнча сунуштар каралары күтүлүүдө.