"Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда адам укугунун корголушу жаман эмес" деди акыйкатчы  

Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда адам укугунун корголушу жаман эмес. Муну бүгүн, 16-апрелде акыйкатчы Бактыбек Аманбаев билдирди. 

“2010-жылы өлкөдө конституциялык реформа жүрүп, өлкөнү бир адамдын башкаруусунан баш тартканбыз. Чынында, адам укуктары жаатында алгылыктуу иштер бар. Өлкөдө абал өтө жаман деген баа бере албайбыз”,- деди акыйкатчы.

Депутат Данияр Тербишалиев: “Коркпой-үркпөй коомдогу терс көрүнүштөрдү ачык айтып чыкканыңызга рахмат. Мындан ары конструктивдүү иш жүргүзүшүңүздү каалайм”,- деп акыйкатчынын азыркы ишин колдой турганын айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан