Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги СИЗОдо отурган Абдымалик Мырзаевдин маселесин кароого убада берди

Бүгүн, 17-апрелде Бишкекте Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында “Элдик фронт” коомдук уюмунун лидери, Орусиянын жараны Абдымалик Мырзаевди колдоо боюнча пикет болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын тууганы Расул Мырзаев билдирди.
"Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги тергөө абагында отурган А.Мырзаевдин маселесин кароого убада берди. Бүгүнкү пикеттин жүрүшүндө орусиялык мекеменин юристи чыгып, биздин талаптарыбызды угуп, башкы консулга айтып берерин кабарлады. Ал эми консул учурда башка жерде экени белгилүү болду",- деди Мырзаев.
Эскерте кетсек, бүгүн, 17-апрелде саат 11:00дө Бишкекте Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында “Элдик фронт” коомдук уюмунун лидери, Орусиянын жараны Абдымалик Мырзаевди колдоо боюнча пикет уюштурулду. Нааразылык акциясында анын туугандары жана досторунан турган 10го чукул адам катышты. 
Белгилей кетсек, Орусиянын жараны Абдымалик Мырзаев КРнын Улуттук банкынын төрагасынын мурунку орун басары кызматында иштеп келген. Анын туугандары үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинде да пикетке чыгышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Manasasman
2014-04-17 12:46:59
"Элдик фронт " уюмун эми жек кором. Орусияда биздин балдар канчасы камалып жатат куноосу бары да куносу жогу да. Кыйратып койгонсуп жазып которуп алышыптыр обу жок создорду. Ты забыл гражданина
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан