Бүгүн, 17-апрелде Бишкекте Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында “Элдик фронт” коомдук уюмунун лидери, Орусиянын жараны Абдымалик Мырзаевди колдоо боюнча пикет болуп өттү. Нааразылык акциясында анын туугандары жана досторунан турган 10 адам катышты.
А.Мырзаевдин тууганы Расул Мырзаевдин айтымында, 2014-жылдын февраль айынан тарта Абдымалик Мырзаев СИЗОдо отурат. "Ал мыйзамсыз кармалган деп ойлойбуз. Ал “мамлекеттик төңкөрүштү уюштуруу”, “мыйзамсыз куралдуу топ түзүү”, “ок атуучу куралды сатып алууга аракет кылуу” деп күнөөлөнүп жатат. Мындан тышкары ага Орусиянын пайдасына "тыңчылык" беренеси боюнча да кылмыш ишин козгоого аракет кылышууда. Камакта ал ур-токмокко алынып жатат деген пикирдебиз. Бирок А.Мырзаев менен жолугушууга жол бербей жатышат, ошондуктан далилдеп бере албайбыз. Ал эми анын адвокатына ушул боюнча маалыматты жарыялоого тыюу салып коюшкан. Бүгүн биз Орусиянын элчилигинин консулу А.Мырзаев менен жолугушуусун суранып чыгабыз. Анткени, мыйзамга ылайык, консулдардын камакта отурган жарандар менен жолугушууга толук укугу бар. Биздин оюбузча, А.Мырзаевди кармоо - саясий буйрутма. Себеби ал убактылуу бийликти сындап келген”,- деди Расул Мырзаев.
Эскерте кетсек, Орусиянын жараны Абдымалик Мырзаев КРнын Улуттук банкынын төрагасынын мурунку орун басары кызматында иштеп келген. Үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинде да анын туугандары пикетке чыгышкан.