“Ээнсиреген үй” тасмасында кыз-жигиттин ролун жараткан Марал Койчукараева менен Атай Өмүрбеков 14-апрель күнү расмий түрдө никеге турушту. Анын урматына эки жаш чакан заманбап той өткөрүп, троллейбус менен сейилдеп, караокеге барып созолонто ыр ырдашты. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Марал SUPER.KG порталына кабарлады.
"Үйлөнгөндөн тарта эле той өткөрүп келе жатабыз. Жакында эле апамдын чогуу иштешкендерин жана Атайдын жамаатын чакырып кыргызча чакан той берип, бата алган элек. Бул жолу классташтарыбыздан, досторубуздан бата алдык. Баарын чогултуп, чоң той берели деп ойлогонбуз. Эсептеп көрсөк, тааныштарыбыздын саны миңден ашып кетет экен. Миң адамды залга батыруу кыйын. Андыктан бөлүп-бөлүп чакан той берүүнү чечкенбиз.
Ата-энем Орусияда болгондуктан, келе алышпады. Бир тууган агам Атай экөөбүздүн жакшылыгыбызга күбө болуп, атайын фуршет уюштуруп берди. Кайнагам болсо бизге темир тулпар белек кылды. Кайненем троллейбусту сүйлөшүп, жасалгасын моюнуна алды. Сейилдөөдөн кийин караокеге барып, ырдап-бийледик",- дейт акыркы жаңылыктарынан бөлүшкөн актриса.