Бүгүн, 18-апрелде Спорт Ордосунда Мирбек Иманбековдун концерти өтөт. Учурда ырчынын келинчеги чыгармачыл досторго дасторкон жаюуда (фоторепортаж)

Бир кезде жагымдуу үнү, бетиндеги уячасы менен кыздардын жүрөгүнө чок салган ырчы Мирбек 2011-жылы үй-бүлөсүн ачыкка чыгаргандан тарта сахнадан көрүнбөй кеткен эле. Учурда ырчы жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып, чыгармачылыкка билек түрө киришип, ал тургай бүгүн, 18-апрелде Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна жеке концертин тартуулоо алдында турат. Жакында эле ырчы бизге "5 жылдан бери концерт бере элек экенмин. Буюрса, даярдыктар жакшы" деп билдирген эле. Анын чыгармачыл кечесине күбө болуу үчүн Спорт Ордосуна баш бактык.

Биз барган учурда Спорт Ордосунун бир бөлмөсүндө Мирбектин келинчеги Бурул, карындашы Айгүл жана өкүл апасы ырчынын чыгармачыл досторуна, келген конокторуна чакан дасторкон даярдап жатышыптыр. Бир аздан соң Мирбектин апасы эки небересин ээрчитип кирип келди. Балдары атакелеп Мирбекке жабышса, ырчынын энеси "атайын Таластан келдим, балам кечесин ийгиликтүү өткөрүп алсын" деп ага ийгилик каалап отурду. Булардын артынан эле Султан Садыралиев "Концертке барам" деп минтип Акмырза мени ээрчип алды. Апасы алдын ала айтып койсо керек" деп күлүп-жайнап кирип келди.

Ошентип, Мирбектин коноктору биринин артынан бири келип, сахна арты бака-шака түшүп жатып калды. Бир бөлмөдө "Дем" театрынын жигиттери, бир бөлмөдө "Назик" бий тобунун кыздары, дагы бир бөлмөдө ырчынын чыгармачыл достору концертке даярдык көрүшүүдө. Ал эми концерттин башталышын күтүп сыртта турган эл залга кирип, орун ала баштады.

 
Мирбек Иманбековдун концертинен репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
saltanat.
2014-04-18 20:35:52
Силер да барасыңарбы коноко?
0
Stella_1
2014-04-18 21:58:09
Баягы айгуль журот го эээ москвада иштеген....эч мойнуна алчы эмес эле мирбектин карындашы сын десем эле мына коруп отурам го
+1
upol92
2014-04-19 06:09:07
Апасына аябай окшошко Мирбек. Султандын баласы бир татына болуп чоноюп калыптырго. Концертке ийгилик, Концертке чогу келген балдарына чооон чоон ийгиликтерди каалайм. Кыргызымды алыстарга таааныткан. Акыл эстуу балдардан болушсун...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан