Асел Кадырбекова эстрада жылдыздарынын башын "Жаз" клибине бириктирди

Бүгүн, 21-апрелде кыргыз эстрадасынын "кампасы" Асел Кадырбекованын "Жаз" аттуу клиби менен толукталып отурат. Жаңы клибин алып кеңсебизге баш баккан ырчы бул чыгарма репертуарындагы 5-клиби экенин айтат.
"Клиптин режиссёру - Нурсултан Кубатов. Ал буга чейин менин "Кеттиң башкага" деген ырыма да клип тарткан. Клипке чыгармачыл адамдарды кошуп тартуу идеясы мага таандык. Жыйынтыгында ырчылар Дайыр Исмадияров, Аваз Акимов, Ильяз Андаш келинчеги менен, актёр Амантур жана чыгармачыл адамдар менен иш алып барып келе жаткан кыздар-балдар тартылышты. Баарыбыз чыгармачыл, бири-бирибизди тааныган жаштар болгондуктанбы, тартуу иши күлкү, шаң менен коштолуп, убакыттын өткөнүн да сезбей калыптырбыз. 
Клиптин негизги бөлүгү Эркиндик гүлбагында тартылды. Монтаждалып даяр болгондон кийин негедир өзүмө анча жага бербеди. Мындан улам Бишкектин сыртына чыгып дагы кадрларды тартып кошууга туура келди",- дейт. 
Жаз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kama_future_millioner
2014-04-21 18:23:13
Жакшы
0
algajawoo
2014-04-21 20:29:57
Жакшы ушул кызды суйом го
-1
Cho
2014-04-21 21:32:58
менда суйом менчелик эч ким суйбойт бул кызды асел алга
-1
nurando
2014-04-21 23:33:15
Козуну неге ала кача берет?
+1
Abdyrawit
2014-04-22 01:56:15
Саламатсынарбы Супер инфо!
Мен бул клипти озумо жуктосом ачпай жатат.себебин айтып койгулачы.....
Бир ушул клипти гана ачпай жатат
0
Kara_kyrgyz
2014-04-22 09:40:43
Abdyrawit, кодектен болот же болбосо медиа плейер хоум менен ачып корсон, анда да болбосо format factory деген программа менен каалаган форматка откоруп ал да жыргай бер
0
admin_superstan
2014-04-22 09:42:37
Abdyrawit, Саламатсызбы!
Биздин порталдан көчүрүлгөн башка клиптер көрүнүп жатабы? Порталдан көчүрүлгөн видеолор mp4 форматында болот. Сиздин телефонуңуздагы же компьютериңиздеги видео көрсөтүүчү программа ушул форматты окууга мүмкүнчүлүгү жок болушу мүмкүн.
+1
Abdyrawit
2014-04-24 01:18:12
admin_superstan,
Башка клиптердин баарын окуйт.
Бул клипти жуктогондон кийин.1-кун отткон сон окуду
Рахмат!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан