"Style Mix" триосу: "Жаңы толкун" сынагынын финалына өткөнүбүздү уккандагы сүйүнүчүбүздү айтууга сөз жетпейт"

"Style Mix" триосу "Жаңы толкун" сынагында Кыргызстандын намысын коргойт. Мындай кубанычтуу кабары менен бүгүн, 21-апрелде аталган топтун солисттери Талас Кемел уулу, Адилет Эркинбек уулу жана Илима SUPER.KG порталы менен бөлүшүштү. Келечектен көптү үмүттөндүргөн ырчылар берилген суроолорго көңүлдөнүп жооп беришип, гитаранын коштоосунда ырдап отурушту.

- “Жаңы толкун” сынагынын финалына кандай өзгөчөлүктөр менен өтүп кеттик деп ойлойсуңар?

Адилет Эркинбек уулу: - Биз бул сынакка бир ай даярданганбыз. Тандоо туру 19-20-апрелде Латвия мамлекетинин Юрмала шаарында өттү. Сынакка катышуу үчүн жарым финалга Кыргызстандан Адилет Азимов жана Дастан аттуу жигит да барган. Буйрук экен, биз өтүп кеттик. Толкундануулар болду. Бирок элдин кол чаап, жакшы тосуп алганы ишенимибизди курчутту. Алардын колдоосу дем-күч берип, ырды мыкты аткарганга 100 пайыз күчүбүздү жумшадык. Ошентип, 2-турга өткөнүбүздү угузганда ошол түнү уктабай даярдандык. Эртеси ырдап чыккандан кийин финалга жолдомо ыйгарды. Эми ошондогу сүйүнүчүбүздү айтууга сөз жетпейт.

- Сынакка барууга ким жардам берди?

Илима: - Жардам бергендер көп болду. Алсак, кыргыз эстрадасындагы байкелер чоң жардам беришти. Эң негизгиси, Жаныбек Бакчиев, Алтынбек Сулайманов, Атай Бейшенбек уулу, Айбек Моноев аттуу агалар демөөрчү болушту. Достор, туугандар моралдык колдоо көрсөтүштү. Ошондой эле бул жакта продюсерибиз Миргүл Эсеналиеванын эмгеги чоң.

- Силерге чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Ушул сынакта жеңүү үчүн кандай аракеттерди көрө баштадыңар?

Илима: - Кыргызстанды татыктуу даңазалоо үчүн катышууну гана эмес, жеңүүчү аталууну самап жатабыз. Өлкөбүздүн желегин желбиретип, Кыргызстанда да ушундай таланттуу адамдар бар экенин дагы бир ирет далилдегенге бел байладык. Хореография, вокалдык чеберчиликти арттыруу үчүн чоң даярдык алдыда күтүп турат.

- Силердин трио качан түзүлдү эле? Кандай себептерден улам "Style Mix" аталып калды?

Талас Кемел уулу: - Үчөөбүз бир жерде чогуу иштечүбүз, бири-бирибизди жакшы тааныгандыктан, топ түзүү идеясы жаралды. Көрсө, мурда эле ар бирибиздин көөдөнүбүздө "топ түзсөк" деген жакшы ой жашачу экен. "Жакшы тилек - жарым ырыс" дегендей, минтип биригип калдык. Биз бир багытта ырдабайбыз, рок, жаз, поп, RNB жанрында ырдаганды жактырабыз. "Style” - "стиль", "Mix" "аралаш" дегенди түшүндүрөт эмеспи. Ошондуктан байке менен ойлонуп отуруп топту "Style Mix" деп атадык.

- Буга чейин таанылбай жүрдүңөр эле, репертуарыңарда ырлар барбы?

Талас Кемел уулу: - Бир-эки ырыбыз бар, клип тартып жатабыз, жакында жарыкка чыкканы турат. Буюрса, дагы көп ыр жаздырабыз, келечек али алдыда.

- Башка өлкөдөн келген катышуучулар менен таанышууга үлгүрсөңөр керек. Алар менен өзүңөрдү салыштырып көрдүңөрбү?

- Адилет Эркинбек уулу: - Ооба. Алар менен ырдап да көрдүк, күчтүү экен. Дос болдук, сүрөткө түштүк. Чыгармачыл адамдар окшош болот эмеспи, тилибиз ар башка болсо да, бири-бирибизди түшүнүп жаттык. Германиядан барган Гладис аттуу кызды күчтүү дейт элек. Үнү укмуш экен. Башында барганыбызда эч ким көңүл бурбай, жаман карап жатышкан. Анан биздин аткаруубуздан соң көз караштары өзгөрдү, келип тааныша башташты.

- Азыр сынакта ким жеңери белгисиз да. Келечекте топ катары карьераңарды кантип түптөйсүңөр?

Талас Кемел уулу: - Биз өзүбүзгө чек койбогонго аракет кылабыз. Кыргызстанга ушул сынак аркылуу чыгарманы мыкты аткарып таанылып алсак, кийин КМШ өлкөлөрүн да багындыралы деп турабыз.

- Ушундай чоң сынактарда калыстар тобу жыл сайын таң калып келишет, "Кыргызстанда да ушундай таланттар барбы?" деп. Силерди кандай кабыл алышты?

Адилет Эркинбек уулу: - Бизге Орусиянын жылдыздары болгон Илья Резник, Филипп Киркоров, Ирина Дубцова, Игорь Крутой кол чаап отурушту.

- Сынакка качан жөнөп кетесиңер?

Илима: - Азыр белгисиз. Ал 20-майда билинет.

- Рахмат, ийгилик каалайбыз.

"Style Mix" триосу "Жаңы толкун" сынагына катышат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
upol92
2014-04-22 00:58:40
Молодецтер ийгилик. Бирок тааныбайт экем.. Кыргызымдын желегин желбиретип журо бергиле....Кыргызымдын эр азаматтары
+3
rianna
2014-04-22 01:40:05
Азаттыкта ырдаган беленер мага аябай жаккан болчу . Новая волна сынагында Кыргызстандын желегин бийик которуп биринчиликти алгыла Ийгилик!!!! :-):-):-):-)
+2
ekaterinburg
2014-04-22 07:58:09
Молодцы!Ийгилик силерге,финалда!Женишке жетишинерге тилектешмин!
+2
demo009
2014-04-22 11:53:04
Алдыга карай түптүз кете берсеңер ийгилик күтүп турат.
+1
aikol87
2014-04-22 12:39:25
Азаматтар ийгилик. Кыргызымдын желегин желбиретип,кучтуу мамлекет экенибизди далилдеп келгиле.Биринчиликти алып элдин оозун ачыргылачы.Биз кыргыздар музыкага бай, маданиятуу калк экенибизге дагы бир жолу ынанышсын.
+1
dastan13-99
2014-04-22 15:57:16
ийгилик!!!! силерди манас атабыз,курманжан датка энебиз,чынгыз агабыз колдоп,кыргызымдын желегин желбиреткилее алгаа кыргызстаным сонун суйлоп берипсинер!!!
0
admin_superstan
2014-04-22 16:17:29
dastan13-99, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
kgelmuratt
2014-12-24 19:17:23
Едик байке аябай таланттуу, соц сеттерде барбы экен Едик байке
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан