17-18-майда Бишкек шаарында “Бийлеген борбор” аталышында балдардын республикалык бий фестивалы өтөт. Уюштуруучу Оксана Поляничконун айтымында, фестиваль таланттуу жана перспективдүү топторду аныктоо үчүн уюштурулууда.
"Бул фестивалга бала бакчалардын тарбиялануучуларынан баштап 11-класстын окуучуларына чейин катыша алышат. Ошондой эле бий топтору да катышса болот. Фестивалда бийчилер бийдин түрлөрүн бийлешет. Учурда катышууну каалагандар билдирүү жөнөтүп жатышат”,- деп билдирди фестивалдын уюштуруучусу Оксана SUPER.KG порталына.