1-май күнү саат 14:00дө ырчы Анжелика бардык Анжелика аттуу кыздарды Ахунбаев көчөсү менен Тынчтык проспектинин кесилишинде жайгашкан сулуулук салонунун жанынан күтөт. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 22-апрелде
SUPER.KG порталына кабарлады.
"Көбүнөн угуп калам, "кызымдын ысымын сенин атыңдан Анжелика деп койгом" деген сөздү. Ушундан улам 1-май күнү бардык Анжелика аттуу кыздарды чогултууну туура көрдүм. Канча кыз келери мен үчүн абдан кызык болууда.
Кыздар жанына өздүгүн тастыктаган документ ала келиши шарт. Чогулган Анжеликаларга атайын жагымдуу сюрприздерди камдагам",- дейт ырчы бул иш-чарасы тууралуу.