Мирбек Иманбеков кечээ, 21-апрелде Ош улуттук драма театрында өзүнүн “Жаз” аттуу жеке концертин күйөрмандарына тартуулады. “Бул кошоматчылык эмес, чын айтам, мен Ошту жактырам. Кыргызстандын бардык аймагы жагат” деген ырчы "Таластык кыз" деген ырын "Түштүктүк кыз" деп ырдады. Залдын 60 пайызын ээлеген көрүүчүлөр ырчы чыккан сайын кол чаап, аны менен чогуу ырдап отурушту. Мирбекти Чыңгыз Турдубеков, Ишен аттуу жигит жана "Наз деми" бийчилер тобу коштоп, өз өнөрлөрүн тартуулашты.
“Мени Бишкектен "суперчилер" тартып кетишти эле, сен да сүрөткө тартып койчу” деп тамашалай сүйлөгөн шоумен Манас Алыкулов концерттин алып баруучулук милдетин колго алыптыр.
Ачыгын айтыш керек, концерттин жүрүшүндө өзүн "Оштун ырчысы болом" деп тааныштырган ырчылар биринин артынан бири чыгып жатып, жеке эмес эле, ашар концерт көргөндөй болдук.