Бүгүн, 22-апрелде 16:30да Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Азиз Сулайманов жана Садык Мурзахановдун жеке сүрөт көргөзмөсүнүн бет ачары өтөт.
Көргөзмөгө чыгармачыл тагдырлары окшош жаш сүрөтчүлөрдүн живопистин салттык реалдуу багытындагы 40 экспозициясы коюлат.
“Садык Мурзахановду адамдын бардык жагынан ачып берген, түпкү сезимин изилдеген портреттер кызыктырат. Анын эмгектеринин көбүн адамдын портреттери түзөт. Ошондой эле анын сүрөттөрүнөн театр дүйнөсүн, балет өнөрүн көрүүгө болот. Ал эми Азиз Сулаймановдун чыгармачылыгы өзүнүн тереңдиги менен айырмаланат. Ал кебелбес тарыхый архитектуралык эстеликтерди айкалыштырат. Мындан тышкары сүрөтчүнүн эмгектеринде портрет жана натюрморттор бар",- деп билдирет Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, көргөзмө 9-майга чейин уланат.