Акыркы кезде ырчылар арасында чай-концерт өткөрүү модага айланып бараткандай. Буга чейин мындай кечени Гүлнур Сатылганова, Алина Жетигенова, Райхан Абдувалиева, Элмира Кайып кызы сыяктуу бир катар ырчылар уюштурса, бул жолу ырчы Алишер Тоотаев чыгармачылыктагы агаларын, досторун жана жакын туугандарын, айылдаштарын чакырып, чай-концерт өткөрдү. Мындай маалыматы менен ырчы бүгүн, 22-апрелде
SUPER.KG порталы менен бөлүштү.
"Бул кечеме 350дөй конок келди. Алардын арасында атайын айылдан ат арытып келген атам да отурду. Ошондой эле кыргызга аты таанымал залкар инсандар, Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Маркабай Аматов, ырчылардан Бек Борбиев, Гүлнара Кахарова, Салима Балтаева, Абидин Темиров, Алтынбек Алымов, Роза Шакирова, "АГК", "Жаныш-Байыш" топтору, куудулдардан Рахман Разыков, Тынар Курбаналиев, Рысбек Жантөрөев, сахналаш досторум Кубаныч Сатаев, Замир Мырза, Өктөм Сапар уулу, Эрнест Бөрүбаев, Жеңишбек Айтиев жана башкалар катышты",- дейт.
Биздин "Чай-концерт өзүн актадыбы?" деген сурообузга ырчы: "Ооба, актады. Анткени бир тууган эже-жезделерим, айылдаштарым бул кеченин өтүшүнө чоң жардам кылышты. Мисалы, Ариет деген жездем союшка жылкы алып берсе, калгандары 10-15тен билеттеримди алып, өткөрүп беришти. Айылдаштарым бир кыл куйруктун акчасын топтоп беришти. Атайын мага арналып жаткандан кийин деп айылдан бир жылкы алып үйүргө кошуп койдум. Учурдан пайдаланып бардык туугандарыма, айылдаштарыма, чыгармачыл досторума ыраазычылык билдирем",- деген жооп узатты.
Ырчынын айтымында, чай-концерттин билетин 3000 сомдон саткан.