30-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда биринчи жолу франциялык виртуоз арфисти Ёнджа Атар концерт берет. Анын бул концертин филармониянын камералык оркестри коштойт. "Программада Батыш Европанын эң мыкты классикалык композиторлорунун арфалары ойнолот",- деп билдирет концерттин уюштуруучусу Жамийла Андашова.
Ёнджа Атар Түркиядагы Мамлекеттик консерваториянын алдындагы Мимар Синан мектеп искусствосун аяктаган. Ал Болгарияда өткөн 5-Эл аралык сынакта баш байгени жеңип алып, "Виртуоз арфист" деген наамга татыктуу экенин көрсөткөн. Мындан тышкары ал Эндрю Лоуренс Кинг, Лавиния Мейэр, Изабелль Моретти, Наоко Ёшино, Бенойт Вьери, Жанна Боускова жана Анна Рикьюборгдон сабак алган.
Эрдем Чологлу, Гюрер Айкал, Инжи Оздил, Мехрапе Карамендерес, Жэм Мансур, Клаус Вейзс, Пьер Кармелет өңдүү атагы чыккан концертмейстерлер менен чогуу чыгармачылыгын тартуулаган.