Ошто "Ачык асман алдында” аттуу фестиваль болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинде "Ачык асман алдында” аттуу фестиваль болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде окуу жайдын маалымат кызматы билдирди. 

Фестивалдын жүрүшүндө катышуучулар чет элдик жана улуттук ыр-бийлерди аткарышты. Ошондой эле бул иш-чарада көрүүчүлөр Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун окуучуларынын, Кытай, Түркия, Индия өлкөлөрүнөн келип окуган студенттердин өнөрлөрүнө да күбө болушту.  

Уюштуруучулардын айтымында, бул фестиваль улуттар аралык мамилени бекемдөө жана маданий карым-катнашты жогорулатууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurik.92A92B.
2014-04-22 17:23:05
Абдан мыкты иш чара болуптур! Уюштуручу топко ыраазылык билдируу менен бирге иштерине ийгилик!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан