Өлкөдөгү адам өлтүрүү жана бейбаштыктардын көбөйүшү коомдун коопсуздугун коргоодо милициянын чабалдыгын далилдейт. Бул тууралуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн, 22-апрелдеги ИИМдин ишмердүүлүгүнө байланыштуу өткөн чогулуштун жүрүшүндө билдирди.
“Үстүбүздөгү жылы өлкө боюнча оор кылмыштардын саны кескин көбөйүп, 18,7 пайызды түзүүдө. Ошондой эле адам өлтүрүү, башка бирөөгө атайылап зыян келтирүү боюнча кылмыштар 4 пайызга көбөйгөн”,- деди Оторбаев.
Мындан сырткары Бишкек шаарында эле 2 жума аралыгында 2 кыздын жансыз денеси табылганын жана жол кырсыктарынын көбөйүп жатканын айтып өттү. “Опузалоо менен бирге бейбаштыктардын саны өсүүдө. 2014-жылы бейбаштык 44 пайыз болсо, опузалоо 26 пайызды көрсөткөн. Өз укуктарын коргоо үчүн милицияга кайрылгандар тийиштүү жардам алышы керек”,- деди премьер-министр.