Жалал-Абадда Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата кароо-сынак болуп өттү

Жалал-Абад шаарындагы мектеп окуучуларынын арасында кыргыз элинин акыны, ойчулу, комузчу, обон-күү чыгарган чебери Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата кароо-сынак болуп өттү. Сынактын  жүрүшүндө окуучулар Сатылгановдун ыр-күүлөрүн, чыгармаларын мыкты деңгээлде аткарышты. Аталган сынакка калыстар тобу баа берип, жеңүүчүлөрдү аныктады.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын Мамлекеттик тил комиссиясынын төрайымы Үпөл Асаналиева: "Окуучулар бүгүнкү кечеге аябай жакшы даярдыкта келишип, өз өнөрлөрүн көрсөтө алышты. Ушундай сынактар мындан ары да тез-тез уюштурулуп турса, мектептер арасында достук бекем болот",- деп, катышуучуларга ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан