Азиз Сулайманов менен Садык Мурзахановдун сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү (фоторепортаж)

Бүгүн, 22-апрелде Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде жаш сүрөтчүлөр Азиз Сулайманов менен Садык Мурзахановдун сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү. Ага сүрөтчүлөрдүн устаттары Сүйүтбек Төрөбеков, Догдурбек Нургазиев, Маратбек Шарафидинов катышып, шакирттери жараткан ийгиликтерине кубанып жатышканын белгилешти.
Азиз Сулайманов: “Буга чейин мен сүрөттөрдү сатып жиберчүмүн. Анан тарткан сүрөттөрдү чогултуп, көргөзмөгө коюуну чечип, досум Садык экөөбүз бул көргөзмөнү уюштурдук. Эмгектеримди эл кандай кабыл аларын көрөйүн дедим. Эң башкысы, устатым Сүйүтбек агайдын мактаганы мени кубандырды. Мага көбүнчө живопись жакын. Анткени сүрөтчү ойлоп таап, өзүн өнүктүрүү максатында композитор болушу керек”,- дейт
Ал эми Садык Мурзаханов: “Балет – эң оор искусство. Ошондуктан мен бул жаатта эмгектенген адамдарды сахнанын артында көргөзгөнгө аракет кылдым. Пейзаж мени анча деле кызыктыра бербейт, ошондуктан эмгектеримдин көбүн портреттер түзөт”,- деп ой бөлүштү.

Садык Мурзаханов Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кара-Таш айылында 1988-жылы туулган. 2005-жылы Ноокаттагы Т.Садыков атындагы Сүрөтчүлөр академиясынын алдындагы көркөм гимназияны бүтүргөн. 2010-жылы ошол эле академиянын театр жана кино факультетин аяктаган.

Азиз Сулайманов Өзбекстандын Найман айылында жарык дүйнөгө келген. 2005-жылы Ноокаттагы Т.Садыков атындагы Сүрөтчүлөр академиясынын алдындагы көркөм гимназияны бүтүргөн. 2010-жылы аталган академиянын станоктуу живопись факультетин аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
momuntay
2014-04-22 20:34:57
Чыныгы талант ээлери эмгегинерге таазим. Мындан да кооп кооп мыкты эмгектерди жаратып, бизди суйунто бериниздер
0
Aksana1602
2014-04-22 20:44:00
iygilik alga! !!
0
jypara1415
2014-04-22 22:22:11
Колунарга береке .....
0
cosmopolit
2014-04-27 13:49:31
Shedevr
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан