Кечээ, 21-апрелде кыргызстандык 4 ырчы: Айбек Бакытбеков, Гүлжигит Калыков, Жээнбек уулу Сталбек жана Бек Исраилов Баку шаарында өтүүчү "Отвага" патриоттук ырлардын эл аралык сынагына жөнөп кетишкен эле. Бүгүн алар сынакта 1-орунга ээ болушканын кабарлап, кыргыз элин сүйүнтүп отурушат. Бул тууралуу Айбектин продюсери Дана Абдыбекова SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, биздин жигиттер квартет катары композитор Муратбек Бегалиевдин "Кыргызстан" аттуу ырын ырдашкан.
Белгилей кетсек, бул эл аралык сынакты Азербайжандын Жаштар министрлиги уюштурган. Ага 20 өлкөнүн таланттары катышары белгилүү болгон. Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан дал ушул төрт жигит: Айбек Бакытбеков, Гүлжигит Калыков, Жээнбек уулу Сталбек жана Бек Исраилов тандалып алынган эле.