Бүгүн Кыргызстанда "Китепстан" аттуу акция өтөт

Бүгүн, 23-апрелде Бишкекте жана облустук китепканаларда "Китепстан" аттуу китеп жарманкеси өтөт. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Маалыматка ылайык, китеп жарманкесинде китеп сатып алуу менен бирге белгилүү жазуучу жана акындардан кол тамга алууга мүмкүнчүлүк болот. Жарманке эртең менен башталып, кечке чейин уланат. Иш-чаранын расмий ачылышы саат 14:00дө массалык китеп окуу акциясы менен башталат. Ар бир келген конок өз китебин ала келет жана 10 мүнөт китеп окуйт.

"Бул акция республика боюнча бирдей убакытта өтөт. Андан кийин искусство чеберлеринин  концерттик программасы менен коштолот. “Китеп искусствосу” улуттук сынагынын сыйлыктары тапшырылат. Бул акциянын максаты - коомчулуктун көңүлүн китеп окууга буруу. Иш-чара Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанында жана облустук китепканаларда өтөт",- дешет уюштуруучулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dadasdasd
2014-04-23 09:16:32
Салам достор. Мен Ала Тоо кино т-рдын жанына КЫРГЫЗСТАНДАН КАГЫЛАЙЫН аттуу, жалан К тамгасы менен башталган 5555 создон турган китебимди алып чыгам. 10 китепти томондогу кодду алып келген Суперчилерге белек кылам. код 2148398858
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан