Дооронбек Садырбаевдин тасмаларынын жумалыгы өтөт

19-майдан 25-майга чейин республика аймагында белгилүү кинорежиссёр, КРнын Эл артисти Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдык мааракесин белгилөөгө карата анын тасмаларынын жумалыгы өткөрүлөт. 

Кинематография департаментинин маалыматына ылайык, 28-майда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Садырбаевдин 75 жылдык мааракесине арналган негизги салтанаттуу иш-чара өтмөкчү.

Эскерте кетсек, буга чейин белгилүү кинорежиссёрдун 75 жылдыгына арналган мааракени өткөрүү боюнча атайын уюштуруу комитети түзүлгөн. Аны биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жетектейт.

Белгилей кетсек, кыргыз элинин таланттуу инсаны Дооронбек Садырбаев 70тен ашуун хроникалык-даректүү тасма, 16 көркөм тасма тарткан, 8 китептин, 700дөн ашуун публицистикалык эмгектин автору болгон. Ал режиссёрдук кылган даңазалуу "Махабат дастаны" тасмасы 1983-жылы тартылган жана кыргыз көрөрмандарынын жылуу баасына арзыган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан