25-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде “Жаш кыял” чыгармачыл студенттер тобунун жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин буюмдарды көркөм долбоорлоо кафедрасынын окутуучуларынын эмгектеринин көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде уюштуруучулар SUPER.KG порталына кабарлашты.
“Мындай көргөзмө-жарманке окуу процессинин алкагында жыл сайын өткөрүлүп келет. Ал студенттердин жыл ичиндеги жетишкендиктерин баалоого жана мурунку бүтүрүүчүлөрдүн эмгектери менен салыштырууга өбөлгө болот”,- дешет уюштуруучулар.
Ошондой эле "Жаш кыял" кол өнөрчүлөр тобу 2013-жылы түзүлгөндүгүн жана алар сайма саюу, өрмөк, чий согуу сыяктуу кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн жаңы техникаларын өздөштүрүшөрүн айтышты.