Эл аралык “Манас ааламы” аттуу көргөзмө-сынагы жарыяланды

Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына арналган Эл аралык “Манас ааламы” аттуу көргөзмө-сынагы жарыяланат. Бул иш-чара Республикалык “Манас” жаштар ордосу, “Улуу баян” коомдук фонду жана Сүрөтчүлөр союзунун жаштар бирикмеси тарабынан уюштурулууда.

Аталган сынакка "Манас" эпосу тууралуу китептерди көбөйтүү жана элге жайылтуу максатында живопись, графика, станоктук, скульптура жана декоративдүү колдонмо өнөр жаатындагы чыгармалар кабыл алынат. Орундар чыгарманын маани-маңызы, композициялык чечилиштери жана чыгармачыл чеберчиликтери боюнча аныкталат.

1-орун: 50 000 сом, алтын диплом

2-орун: 30 000 сом, алтын диплом

3-орун: 20 000 сом, алтын диплом

Ал эми 10-орунга чейинкилерге 3000 сомдон акчалай сыйлык жана грамота тапшырылат.

Биринчи, экинчи, үчүнчү орундарга ээ болгон чыгармалар 10 жыл аралыгында “Манас ааламы” сынагынын галереясында сакталат жана убактысы өткөндө авторго кайтарылып берилет.  

Көргөзмө-сынакка катышкан ар бир чыгарманын электрондук варианты ылайыгына жараша “Манас” эпосунун жаңы басылмаларына жана китептерине колдонулат. Көргөзмө-сынактын альбом-китепчеси чыгарылат.

Чыгармалар Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде 24-27-апрель күндөрү кабыл алынат.

Чет өлкөлүк катышуучулар үчүн чыгармалардын электрондук (JPG) варианттары zamirilipov@mail.ru дарегине жөнөтүлүүсү зарыл.

"Аталган иш-чара 30-апрелде Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде өтөт. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу аземи 7-майда болот. Көргөзмө 10-майга чейин уланат",- деп билдирет аталган музейдин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан