Бишкекте сүрөтчү Мамыралы Эшбаевдин жеке көргөзмөсү өтүүдө (фоторепортаж)

19-апрелден баштап Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде сүрөтчү Мамыралы Эшбаевдин жеке көргөзмөсү өтүүдө. Мамыралы Эшбаевдин көргөзмөсү тагдырдын каалоосуна каршы чыгып, кыйын сыноолорду жеңип, сүрөтчүнүн кайрадан жашоого кайтып келген адамдын күчтүү духун даңазалап турат. Мында анын 30 жылдык эмгегинин жыйынтыгы көрсөтүлгөн.

Эшбаев узак жылдар бою көз оорусу менен алышып келет. Тактап айтканда, көзүнүн чечекейин алдыргандан кийин өңдү, кыймылды араң айырмалап калган. Ошентсе да ал сүрөтчүлүгүн таштабай, ал тургай окуучуларын тарбиялап келет. 

Мамыралы Эшбаев 1959-жылы Ала-Бука районуна караштуу Ызар айылында туулган. 1985-жылы Пржевальск педагогикалык институтунун көркөм графикалык факультетин аяктаган. Анын эмгектери республикалык, облустук жана чет өлкөлүк көргөзмөлөргө коюлуп келет. 1991-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Учурда Ош мамлекеттик университетинин доценти. 

Аталган сүрөт-көргөзмө 3-майга чейин уланат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
chingizhan01
2014-04-23 18:50:53
Ош гуманитардык эмес, Ош Мамлекеттик Университетинин доценти. Мамыр агай ишинизге чыгармачылык ийгилик каалайбыз, ден соолукта болунуз. Сиздин 2003чу жылкы бутуруучулорунуз Чынгыз, Бакыт, Рашид.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан