27-апрелде Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда айымдар арасында “Кыргызстандын сулуу айымы” сынагы өтөт. Учурда сынакка кызуу даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, аталган сынак Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жатат. “Бул сынак чет өлкөлөрдө көп жылдан бери өткөрүлүп келет экен. Кыргызстан быйыл гана бул сынакка катышууга лицензия алды. Учурда 19 айым кызуу даярдык көрүүдө. Буюрса, 27-апрелде алардын талантына күбө боло аласыздар. Катышуучулардын эң улуусу 50 жашта болсо, эң жашы 23тө.