Ош облусунда спорттун аскердик-прикладдык түрү боюнча окуучулар арасындагы мелдеште 1-орунду Алай районунун курама командасы ээлеген. Аталган командага Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Таалайбек Сарыбашов 20 миң сом акчалай жардам көрсөттү. Бул каражат команданын 23-24-апрель күндөрү Бишкек шаарында өтүүчү мелдешке катышуусуна сарпталат. Бул тууралуу райадминистрациядан Аскар Машеров билдирди.