Жогорку окуу жайлардын студенттери чечендик айтыш боюнча таймашышат

Бишкекте 24-25-апрель күндөрү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде сөз маданиятын өркүндөтүү боюнча "Чечен айтыш" таймашы өтөт. Мындай маалымат менен бүгүн, 23-апрелде аталган таймаштын уюштуруучулары SUPER.KG порталы менен бөлүшүштү.

Алардын билдирүүсүнө таянсак, таймашта жогорку окуу жайларынан чыккан 25 команда ат салышат. Таймаштын байге фонду 30 миң сом. Бул сынакты "Айтыш" коомдук фонду каржылаган.

Студенттердин чечендик өнөрүн манасчы Рыспай Исаков, акындар Зайырбек Ажыматов, Мирлан Самыйкожо, Жылдызбек Турсунбаев сыяктуу сөз баккан адамдар баалашмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан