Бишкекте эртең маданият ишмерлери "Кайран заман" аттуу акция өткөрүшөт

Эртең, 24-апрелде КРнын Өкмөт үйүнүн алдындагы эски аянтта маданият жана искусство ишмерлеринин "Кайран заман" деген аталыштагы акциясы өтөт. Бул тууралуу бүгүн "Айтыш" коомунун төрагасы, төкмө акын Азамат Болгонбаев SUPER.KG порталына маалымдады.

Биз 20 жылдан бери кыргыз маданиятына кайдыгер карап келдик. Ошон үчүн эртең маданияттын тарыхына кайрылып, Өкмөт үйүнүн алдында акция уюштуруп жатабыз. Айтор, кыргыздын маданиятына кайдыгер карабоого чакырабыз. Акцияга маданият өкүлдөрү келишет,- деди Болгонбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мэри
2014-04-23 18:42:28
Негизи, төкмө акындар нааразы болбой эле коюшса болот. Анткени жылда жок дегенде 2 жолу айтыш өткөрүлүп, машина, ири суммадагы акчалай сыйлыктар берилип келет (мен ошондо ойлочумун, булар акчасыз айтыша алышпайбы деп). А жалпы эле маданиятка, айрыкча, театр, опера, балет искусствосу көңүл бурууга муктаж.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан