Өлкөдө жыл башынан бери 3 миӊден ашуун ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тартты

2014-жылдын апрель айына чейин 3224 ата-эне балдары үчүн профилактикалык эмдөөдөн баш тартышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Республикалык эмдөө борборунун башчысы Жолдош Калилов билдирди.

2013-жылы 2156 ата-эне балдары үчүн профилактикалык эмдөөдөн баш тартышкан. Балдарын эмдетүүдөн баш тарткандардын саны жыл башынан баштап апрель айына чейин жалпы төрөттүн 2,5- 3 пайызын түздү. Буга байланыштуу вакцинация тууралуу жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүрүп жатат”,- дейт Калилов.

Анын айтымында, эмдөөдөн баш тарткан адамдар менен көбүрөөк иштөө зарыл. "Эң биринчи диний көз караштагы жетекчилер менен байланышты жакшыртуу керек, себеби көпчүлүк учурда ушундай ата-энелер балдарын эмдетүүгө каршы чыгып жатышат”,- деп кошумчалайт аталган борбордун жетекчиси.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан