Кыргызстанда жыл сайын 1 миллион 800 миң бала профилактикалык эмдөөдөн өтөт 

Кыргызстанда жыл сайын 1 миллион 800 миң бала профилактикалык эмдөөдөн өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Республикалык эмдөө борборунан маалымдады.

Маалыматта белгиленгендей, жыл сайын Бишкекте 1 жашка чыга элек 25 миң бала эмдөөдөн өтөт. Эмдөөдөн кийин ийне сайылган жери кызарышы мүмкүн. Бирок оорлошуп кеткен учурлар катталган эмес.

Ошондой эле ар бир ата-эне өз баласына өзү жоопкер экенин билүүсү шарт жана эмдөөдөн баш тартканда баланын ооруп калышына алып келиши мүмкүн. Ошон үчүн мунун алдын алып, тиешелүү эмдөөдөн өткөрүп туруу зарыл экенин эскертишет дарыгерлер. 

Эске салсак, Кыргызстанда 22-апрелден 26-апрелге чейин “Европалык эмдөө жумалыгы” өткөрүлүп, жугуштуу оорулардын алдын алуу иш-чаралары жүрүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Мэри
2014-04-23 14:43:26
“Европалык эмдөө жумалыгы”.
А эмнеге "Европалык"? Ошолор каржылайбы? Же ошолордун ыкмасыбы (метод)? Кыскасы, буларсыз иш кыла албай калдык го...
0
uluk1982
2014-04-23 16:26:56
cоз жок....
0
semakg
2014-04-23 17:00:05
Туура эмес инфо экен 1800000 баланы жыл сайын эмдебейт и анча бала болгудай КРнын калкы 100млн беле?
0
nursyi
2014-04-23 19:04:48
semakg! Бала бир жашка толгуча эле, бир нече жолу ( 5-6 ж) эмдоодон отот. Андан кийинки курактагылар дагы эмделет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан