Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова АКШда өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин жаш ишкерлеринин форумуна катышып кайтты

Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова АКШда өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин ишкерлеринин форумуна катышып кайтты. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 23-апрелде SUPER.KG порталына кабарлады.
"Апрель айында Кыргызстандын Жаш ишкерлер ассоциациясынын чакыруусу менен форумга катышып келдим. Бул иш-чарага түрк тилдүү мамлекеттердин жаш ишкерлери катышышты. Келечекте чогуу кызматташуунун жолун издеген, өтө билимдүү ишкерлердин оюн угуп, аларды көрүп абдан сыймыктандым, таасирлендим десем болот. Алар ишкерликтен тышкары маданиятты да даңазалашат экен. Форумдун жүрүшүндө гала-концерт уюштурулуп, анда ар бир өлкөнүн таланттары өз өнөрлөрүн тартуулашты. Аны менен катар музейлерге баш багып, АКШнын бүгүнкү күнгө чейин кандай көрүнүштө болгондугу тууралуу тааныштык",- дейт ырчы АКШга болгон сапары тууралуу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aybek777
2014-04-23 16:24:36
Ош шаардык кенешинин депутаты Атабаев Данияр мырзара журотко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан