Кыргызстандын "Азия Микс" КВН командасы Германияга гастролго аттанат. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде аталган топтун өкүлдөрү Фейсбук аркылуу жарыялашты.
Маалым болгондой, кыргызстандык команда менен бирге орусиялык "ГородЪ ПятигорскЪ", "Днепр" жана "Раисы" командалары барышат. Иш сапар 21-майдан 1-июнга чейин уланат.