КРнын Мамлекеттик салык кызматы Бишкектин муниципалдык кызматкерлерине «Кыргызстанда салык салуу» темасы боюнча семинар өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тренингге Бишкектин мэриясынын Өнүктүрүү агенттигинин өкүлдөрү, райондордун жетекчилери жана аймактык башкармалыктардын мүчөлөрү катышты. Иш-чарада салык салуу боюнча эң көп кездешкен маселелер талкууга алынды. Салык кызматынын окуу борбору бир катар суроолорго жооп берди.