Ала-Букада кыргыз жана түрк аскерлери биргеликте машыгууларды өткөрүп жатышат 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы аскер бөлүгүнүн базасында кыргыз жана түрк аскерлери биргеликте машыгууларды өткөрүп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде КРнын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чаралар үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта өтүп жатат. Ага 50 кыргыз аскери катышууда. Машыгуулардын максаты - террорчуларга карата каршылык көрсөтүүнү үйрөтүү, душмандарды табуу жана аймакты чалгындоо. Түркия тараптын пикирине ылайык, биргеликтеги машыгуулар тажрыйба алмашууга шарт түзөт жана өтө маанилүү. 

Белгилей кетсек, иш-чаралар 2 айга мерчемделген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан