Бишкекте "Китепстан" көргөзмөсү өткөрүлдү (фоторепортаж)

Бүгүн, 23-апрелде Бишкекте Курманжан датканын эстелигинин жанында Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү белгиленди. Ага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Наджафи жана акын-жазуучулар, ырчылар катышты. Алар өз сөзүндө китеп түбөлүктүү маданияттын бир бөлүгү, жашоонун азыгы, акылды, аң-сезимди өнүктүрүп, дүйнө таанымды жогорулатууда орду чоң экендигин баса белгилешти. Көргөзмөгө келгендер кызыккан китептерин сатып алып жатышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө басмаканалар арасында жарыяланган “Китеп искусствосу- 2014" республикалык сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, ар кандай сыйлыктар тапшырылды. Баш байге “Манас. Семетей. Сейтек” үчилтигин чыгарган “Кут бер” басмаканасына буюруп, статуэтка жана 20 миң сом ыйгарылды. 

“Өнөр” сыйлыгы – “Кыргызстан - земля кочевников” деген китеби үчүн, “Раритет” басмаканасы;

“Жеткинчек” сыйлыгы – “365 күн жомок” китеби үчүн, “Имак Офсет” басмаканасы;

“Мурас” сыйлыгы – “Шабдан баатыр” китеби үчүн, “Бийиктик плюс” басмаканасы;

“Замандаш” сыйлыгы – “Избранное” китеби үчүн, “Бийиктик”басмаканасы;

“Илим” сыйлыгы – “Эпидемиология” китеби үчүн, “Полиграфбумресурс” басмаканасы;

“Чеберчилик” сыйлыгы “Манас. Семетей. Сейтек” үчилтиги үчүн “Кут бер” басмаканасына берилди.

Жогорудагы жеңүүчү аталган басмаканаларга дипломдор жана 10 миң сом акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, өнөр ээлери майрамдык маанай тартуулашты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан