Эртең, 24-апрелде Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Ош шаарындагы кеңсесинде коомдук кабылдаманын ачылышы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага өкмөткө караштуу Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана этностор аралык мамилени чыңдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Накен Касиев жана Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев катышат.