Кечээ, 22-апрелде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн “КУУ периси жана мырзасы-2014” сынагында калыстар тобунун төрагасы болгон ЖКнын депутаты Бакыт Төрөбаев аталган иш-чаранын катышуучусунун велосипедин унаага алмаштырып берерин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде депутаттын басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, кечээ болуп өткөн “КУУнун периси жана мырзасы-2014” сынагынын аягында катышуучу сахнага кыргыз желеги тагылган велосипедди сүйрөп чыгып: “Биздин депутаттар велосипед менен жүрүшсө жакшы болмок. Ал велосипеддерге кыргыз желегин тагып койсо, алыстан көргөндө эле ал депутаттын велосипеди экени билинмек”,- деп тамашалаган.
Студентке ЖКнын депутаты ал велосипедди өзүнө белекке берүүсүн өтүнүп, анын ордуна Honda Fit үлгүсүндөгү унаа тартуу кыларын айткан. Депутаттын жардамчысынын айтуусуна караганда, унаанын ачкычы сөзсүз түрдө жакын арада студенттин колуна тапшырылмакчы.