Бүгүн, 23-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Таалайбек Темиралиев менен Мексиканын Кыргызстандагы элчиси Улисес Канчола жолукту. Анда табигый кырсыктарды азайтуу жана жоюу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле статс-катчы бүгүнкү жолугушуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда эки тараптуу кызматташуунун башаты болорун белгиледи.