Кыргыз улуттук китепканасы орусиялык окуу жай менен биргеликте Чыңгыз Айтматов жөнүндө документалдуу тасма тартат

Кыргыз улуттук китепканасы Санкт-Петербург мамлекеттик университети менен биргеликте Чыңгыз Айтматов жөнүндө документалдуу тасма тартат. Бул тууралуу кечээ, 23-апрелде Улуттук китепканадан маалымдады.

Маалыматта белгиленгендей, "Элчи" аталышындагы орусиялык тасма тартуучу тобу улуу кыргыз жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндөгү материалдарды чогултуу максатында Кыргызстанга келди.

“Тасма тартуучу топ жазуучунун Таластагы киндик каны тамган айылын, жазуучунун тууган-уругун, “Рух-Ордо”, Ысык-Көлдөгү Ч.Айтматов атындагы музейди тасмага түшүрөт. Ошондой эле Нарындагы карышкырларды тартып кетмекчи, себеби маркум жазуучунун чыгармаларында карышкырлар адам баласы менен тыгыз байланышта”,- дейт орусиялык тасма тартуучу топтун жетекчиси Ф.Ханин.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан