Кечээ, 23-апрелде Ош шаарындагы Н.К.Крупская атындагы №12-мектептин 1-классынын окуучулары Алиппе майрамын белгилешти. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде билим берүү мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, окуучулар класс жетекчиси менен биргеликте “Кара жорго” бийин бийлешип, “Кош, Алиппе!” аттуу ырды ырдашты.
Ага Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов, мектеп директору жана балдардын ата-энелери катышты. Жыйынтыгында мектепке келген конокторго окуучулар концерттик программа тартуулашты.