Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Москвадагы өкүлчүлүгү тарабынан жаштар үчүн спорттук мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу 24-апрелде аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын башкы максаты - жаштарды сергек жашоого үндөө жана спортко кызыктыруу.
Ага дин илимин үйрөнүп жаткан 100дөн ашуун окуучу катышып, 8 командага бөлүнүшкөн. Жыйынтыгында спорттук өнөрдү мыкты өздөштүргөндөр мактоо баракчалары жана сыйлыктар менен сыйланышты.