Баткенде Жарандык коргонуу күнү өткөрүлдү

Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылында «Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар коркунучу күтүлгөндө элди коргоону уюштуруу жана ишке ашыруу» деген аталышта комплекстүү машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында жер титирөөдө жапа чеккен турак үйлөрдү иликтеп жана жабыркагандарды коопсуз жакка көчүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан сырткары Кара-Токой гимназия-мектеби жана Б.Акматов атындагы орто мектепте Жарандык коргонуу күнү өткөрүлүп, окуучулар жер титирөөдө эвакуациялык иштерди жүргүзүп, өзгөчө кырдаалдар боюнча викториналарды, коопсуздук сабактарын өткөрүштү. 

Ошондой эле пландын негизинде алдын алуу иштери жүрүп, Суу-Башы айыл өкмөтүндөгү Көз-Булак мүрзөсүн суу ташкындан коргоо максатында 150 метр узундуктагы суу тосуучу дамба куруу иштеринин жүрүшү көзөмөлгө алынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Manasasman
2014-04-24 11:23:10
Табийгаттан эмес коркунуч. Тиги чектеш эке кошуна олкодон балээнин баары.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан