Баткен райондук администрациясынын башчысы Сейитмурат Калыков Улуу Жеңиш күнүнүн 69 жылдыгына карата иш-чараларды уюштуруу жөнүндө токтом чыгарды. Ага ылайык, бүгүнкү күндө Баткен районунда Улуу Ата Мекендик согуштун 15 катышуучусу калганы маалым болду.
Маалыматка караганда, райондун бардык айыл өкмөттөрүндө 9-Майга карата иш-чаралар өткөрүлүп, ардагерлерге акысыз медициналык кароо уюштурулат. Бул тууралуу 24-апрелде райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.