Бүгүн, 23-апрелде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Эл артисти
Гүлнур Сатылганова
"Керемет дүйнө" аталышындагы жеке концертин тартуулады. Кече саат туптуура 18:40та башталды. Ырчы көптөн
бери жеке концертин бербегенгеби, күйөрмандары залдын 100 пайызын
ээледи. Көрүүчүлөрдүн көпчүлүгүн улуу муундагы апалар, ага-эжелер түзүштү. Алардын арасында кыргыздын белгилүү ырчысы
Зейнеп Шаакеева да отурду. Ал ырчыга гүлдесте сунуп, ийгилик каалады.
Көшөгө ачылып, сахна космос ааламына айланып, бийчилер бийлеп киришти. Бир убакта сахнанын так ортосунда Жер шары пайда болуп, анын ичинен көптөн күткөн Гүлнур айым чыгып, "Асман" ырын тартуулады. Бул ырынан кийин
ал эл менен амандашып, көрүүчүлөрдү бүгүнкү ыр майрамы менен куттуктап,
"Туулган жер", "Нандын жыты" чыгармаларын сунуп, сахнага телеалпаруучу Эркин Рыскулбеков менен ырчы Омарды чакырып, аларга концерттин алып баруу тизгинин тапшырды.
Эл артистинин кечесине аябай даярдангандыгы сахнанын жасалгасынан, "Камбаркан" фольклордук ансамблинин, музыканттардын коштоосунда жандуу ырдап, улам жаңы формаларды кийип чыкканынан эле билинип турду.
Жеке концерт деп ушуну айтыш керек. Деген себебим, концертте жалаң ырчынын өз аткаруусундагы ырлары жаңырды. Бек Борбиев жана "Style Mix" тобунун гана бирден ыр аткарганы болбосо, Гүлнур Сатылганова концертине келген конок ырчылар Арсен, Мирбек Атабеков, Бек Борбиев, Айар жана "Style Mix" тобу менен дуэт ырдады. Эң кызыгы, ырчы концертинде "Бул ырды кандай кабыл аласыздар, кандай сындарды айтасыздар билбейм. Аны мага кытайлык ырчы Куандык Жаасын уулу сунуштаган. Өзүмө жакты. Бул ыр дүйнө жылдызы Майкл Жексонго, деги эле көзү өтүп кеткен ырчыларга арналат" деп "Таазим" аттуу ырын тартуулады. Келген эл бул ырды өзгөчө кабыл алды.
Таланттуу
ырчыбыз 4 саат бою Ата Мекен, сүйүү, ата-эне жана жашоо тууралуу ырларды тынбай ырдап, күйөрмандарына эң жакшы маанай, эстетикалык рахат тартуулай алды. Концерттин соңунда бул кечеге катышкан бардык ырчылар сахнага чыгып, Гүлнур Сатылганованын "Каалайм сага" деген ырын ырчыга сюрприз катары тартуулап, бирден роза гүлүн сунушту.
Ошентип, билетке 700-1000 сом коротуп келген эл сахнанын көшөгөсү жабылганга чейин кол чаап ырчыны узатып, көңүлдүү маанайда тарап кетти.