Салттуу музыка жумалыгынын алкагында Күү күнү өткөрүлдү (фоторепортаж)

Кечээ, 23-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичи залында Салттуу музыка жумалыгынын алкагында Күү күнү өткөрүлүп, кылымдардын кылдарына катылган күүлөр ойнолду. 

“Салттуу музыканын тарыхына кайрылсак, залкар өнөрпоздорубуз баа жеткис рухий мурастарын жаратып, бизге таберик катары калтырган. Ошонун ичинен аспапчылык өнөрүн ала турган болсок, ысымдары уламышка айланган Камбаркан, Кетбукалардан тартып кийинки залкар комузчу, кыякчы, чоорчулардын аттары маданияттын тарыхында алтын тамга менен жазылып калды. Улуу өнөр ээлери Кудайберген, Ниязалы, Токтогул, Карамолдо, Ыбырай, Атай, Кенжекара, Жолой, Мураталы, Саид, Асанбай деген залкарлардын ысымдары аспапчылык өнөрдө орду өзгөчө экенин айгинелейт”,- деп белгиледи “Устат-шакирт” борборунун өкүлү.

Белгилей кетсек, Салттуу музыка жумалыгы акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан