Жалпы республикалык тестирлөөнүн каттоо убактысы узартылды

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөнүн каттоо убактысы узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти. 

Маалыматта белгиленгендей, кошумча каттоо тестирлөө борборлору ачылган мектептердин баарында 16, 19-май күндөрү саат 13:00дөн 17:00гө чейин болот. Каттоодон өтүү үчүн тиешелүү документтер жана акча төлөнгөнү тууралуу дүмүрчөк керектелинет.    

Эске салсак, негизги каттоо 10-апрель күнү аяктаган. Азыркы учурда анкеталар сканерлөөдөн өтүүдө. Бүтүрүүчүлөрдүн саны такталып жатат. Айрым маалыматтар боюнча, алардын саны 2013-жылга караганда азыраак болот. Жалпы абитуриенттердин саны 50 миңге жакын болору күтүлүүдө.    

Республикалык жалпы тестирлөө 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин тестирлөөдөн 400 миӊге жакын абитуриент өттү. Ал эми жалпы республикалык тестирлөө 17-майда башталат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан