“Айыл банк” микрокредиттик агенттиги айрым жарандарды “кара тизмеге” киргизип, аларга насыя бербей жатат”,- деп билдирди бүгүн, 24-апрелде маалымат жыйынында “Ала-Тоо Финанс” микрокредиттик агенттигинен насыя алгандардын бири Манас Конушбаев.
Анын айтымында, эгер үй-бүлөнүн атасы насыя алган болсо, “Айыл банк” анын балдарына насыя бербей, “кара тизмеге” киргизип коюп жатат. Мындан тышкары жаран насыя алып, 18-20 жылдан бери төлөй электер да аталган тизмеге киргизилет. “Биздин өтүнүчүбүз: насыя алуучулардын тизмесин жарыялап, ишкананын иши ачык-айкын болсун. Анткени банктын айылдык кеңеши насыя алуучуларды сунуштайт, ал эми банк аларды бекитет”,- деди Конушбаев.