Быйыл Кыргызстандан ажылык сапарга бара турган зыяратчыларды Сауд Арабиясына тендердин негизинде “FlyDubai” авиакомпаниясы алып бармай болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде КРнын Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматта белгиленгендей, зыяратчылардын авиабилетинин баасы 1300 долларды түзөт.
“Тендерге катышууга 7 авиакомпания катталган. Анын ичинен 3ү гана катышып, тиешелүү документтерди “FlyDubai” авиакомпаниясы толук тапшырды”,- деп кошумчалашат аталган башкармалыктан.