Эстонияда кыргыз режиссёрлорунун тасмалары көрсөтүлөт

30-апрелден 3-майга чейин Эстониянын Таллин шаарында кыргыз тасмаларынын күндөрү өтөт. Анда "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалынын лауреаттарынын тасмалары көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде "Айтышфильм" киностудиясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө Руслан Акундун "Перегон", Алижан Насировдун "Кара далы", Марсбек Бусурманкуловдун «Кылым ашкан эл» тасмалары жана Наргиза Маматкулованын "Зефир" кинокартинасы көрсөтүлмөкчү. 

Ошондой эле бир нече кыргыз режиссёрлорунун "Салам, Нью-Йорк!", "Кумар", "Биз жашаган өлкө", "Кыргызстан, мен сени сүйөм!" сыяктуу эмгектери коюлат. 

Белгилей кетсек, Эстониядагы кыргыз тасмаларынын күндөрү КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Таллиндин Маданий баалуулуктар департаменти жана "Отаку" эстон киностудиясынын колдоосунун аркасында өткөрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан